USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Караколдон Бишкек, Алматы жана Ташкентке жаңы автобус каттамдары ачылат

16:19, 11 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Караколдон шаар аралык ташуулар үчүн он жаңы автобус алынып келинди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Жаңы транспортту Бишкек, Алматы жана Ташкент багыттарындагы каттамдарга колдонуу пландалууда. Муниципалитеттен белгилешкендей, автобустар алыс аралыкка сапарга чыкканда жүргүнчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн бардык керектүү жабдыктар менен камсыздалган.

Мындан сырткары, жакынкы арада Каракол шаарына ички каттамдар үчүн дагы 20 автобус келиши күтүлүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18