Марат Тагаев ТҮРКСОЙ эл аралык уюмундагы Кыргызстандын өкүлү болуп дайындалды
Марат Тагаев Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул дайындоо түрк тилдүү мамлекеттер менен маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого жана эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.
Белгилей кетсек, ТҮРКСОЙ — түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосунда маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган эл аралык уюм.
Тагаев буга чейин маданият министринин орун басарлыгын аркалап келген.