USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

ИИМ ардагер жана оорук эмгекчилерин Жеңиш күнү менен куттуктады

17:21, 07 мая 2026, Бишкек - 24.kg

9-Май — Жеңиш күнүнө карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, ооруктун эмгекчилери жана согуштун катышуучулары менен жолугушуулар уюштурулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жана ИИМдин Борбордук аппаратынын жетекчилери катышты. Анда ардагерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө азык-түлүк, зарыл дары-дармектер тапшырылып, ошондой эле материалдык жардам көрсөтүлдү.

Бул иш-чаралар жеңишти камсыз кылууга кошкон баа жеткис салымы, көрсөткөн эрдиги жана кайраттуулугу, ошондой эле келечек муундардын тынч жана бакубат жашоосу үчүн арнаган эмгеги үчүн ардагер жана оорук эмгекчилерине болгон терең урматтоонун, ыраазычылыктын белгиси болду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18