USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Өзгөн районунун Кара-Тарык айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулду

10:30, 07 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Өзгөн районунун Кара-Тарык айылында 150 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашырылып, жумуштун жалпы баасы 109,5 миллион сомду түздү.

Эки кабаттуу мектептин жалпы аянты 1 миң 280 чарчы метрден ашат. Долбоордо окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, эмгек кабинеттери жана спорт залы каралган.

Учурда окуу жайга эмеректер жана башка керектүү жабдыктар жеткирилүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18