USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

17:21, 06 мая 2026, Бишкек - 24.kg

ӨКМ Кыргызстандын тоолуу райондорунда күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 7-майдан 12-майга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад автоунаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 70-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болот.

Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18