USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Дүйнө чемпионаты: Кыргызстандык мушкер Анваржан Ходжиев алгачкы атаандашын жеңди

08:00, 24 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мүчөсү Анваржан Ходжиев Бразилияда дүйнө кубогун жеңиш менен баштады. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык мушкер мелдешке 50 кг чейинки салмак ченинде катышууда.

Ал алгачкы беттешинде Япониянын өкүлү Даичи Ивейге каршы чыгып, 3:2 эсебинде жеңишке жетишти.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18