USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Мирлан Жээнчороев ЖКнын «Ала-Тоо» депутаттык тобуна кошулду

13:12, 22 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин 22-апрелдеги жыйынында жаңы депутат Мирлан Жээнчороев «Ала-Тоо» депутаттык тобуна киргенин билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн Мирлан Жээнчороев Жогорку Кеңеште ант берди. Ал өзүнө карата кылмыш иши козголгондон кийин мандаттан баш тарткан Чыңгыз Айдарбековдун ордуна келди.

Эске салсак, учурда парламентте беш депутаттык топ түзүлгөн. «Ала-Тоо» тобун депутат Таалайбек Масабиров жетектейт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18