USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Айдарбековдун кийин ЖКдагы мандат Мирлан Жээнчороевге берилиши мүмкүн

11:20, 16 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Чыңгыз Айдарбеков мандатынан баш тарткандан кийин Мирлан Жээнчороев Жогорку Кеңештин депутаты болушу мүмкүн.

Сөз № 21 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бош калган орун тууралуу болууда. Бул орун мурдагы депутат Куванычбек Конгантиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандан кийин бошогон. Ал УКМК тарабынан мыйзамсыз байыган деген шек менен кармалган.

2025-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына ылайык, кийинки талапкер болуп Мирлан Жеенчороев саналат. Ал 3 миң 324 добуш (8,34 пайыз) алган.

Буга чейин мандат Чыңгыз Айдарбековго өтүшү керек болчу, бирок ал ыктыярдуу түрдө андан баш тарткан.

Эми мандатты кимге берүү боюнча акыркы чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18