USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Көл үстүндө Ак боз үй: Жети-Өгүз районунда «Өрүк гүлү» фестивалы өтүүдө

13:12, 15 апреля 2026, Бишкек - 24.kg
Мезгил ИСАТОВ

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылында «Өрүк гүлү» фестивалы өтүп жатат. Өрүк майрамында көл үстүндө Ак куудай сүзүп келаткан керемет ак Боз үй баардыгын таң калтырды. 

Бул «Өрүк фест» фестивалынын максаты: Райондун айылдарынын күч-аракеттерин бириктирүү, мөмө-жемиш өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтүү, аймактын айыл чарба продукцияларын дүйнө элине таанытуу, экологиялык-туризм тармагын өнүктүрүү болуп саналат.

Бүгүнкү Өрүк гүлү майрамынын өзгөчүлүгү Көл үстүнөн сүзүп келаткан керемет ак Боз үй болуп калды. Аны айылдын белгилүү жагыч устасы Марат Орозалиев жасап, көл үстүнөн Ак куудай сүздүрүп келген.

Бул идеанын автору Марат Орозалиевдин айтымында, Боз үйдү көл үстүндө тегеретип келүү үчүн Бишкектен атайын элүүдөй камера алып келинген. Анын баарын үйлөтүп, тактайдын алдына жайгашкан. Тактайыдын үстүндөгү ак Боз үй 3-4 чакырымдан сүзүп келген.

Учурда Өрүк гүлү майрамы уланып жатат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18