USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Азия чемпионаты. Айпери Медет кызы финалга чыкты

18:26, 08 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Айпери Медет кызы Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу UWW сайтында кабарланды.

76 килограмм салмактагылар арасында мекендешибиз Кытай Тайбэйинен келген спортчуну жеңди. Ага бир мүнөттөн ашык убакыт кетти.

Эскерте кетсек, Мээрим Жуманазарова дагы чемпионаттын финалына чыкты. Арууке Кадырбек кызы менен Сезим Жуманазарова коло медаль үчүн күрөшөт. Бул беттештер эртең,9-апрелде өтөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18