USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстандан гуманитардык жардам Иранга жетти

08:00, 07 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргыз Республикасынын гуманитардык жардам кербени учурда Түркмөнстан менен Иран Ислам Республикасынын чектешкен аймагына жакын Серахс шаарына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жүктөрдү кабыл алуу иштери эртең, 7-апрелде бажы процедуралары толук аяктагандан кийин жүргүзүлөт.

Эске салсак, жалпы көлөмү 129 тонна гуманитардык жардам жүктөлгөн ӨКМдин 7 унаасы 3-апрелде Кыргызстандан сапар алышкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18