USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Жазуучу Касым Каимовдун 100 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өтөт

11:42, 03 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

8-апрелде А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада жазуучу, прозаик жана сатирик Касым Каимовдун 100 жылдыгына арналган адабий эскерүү иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Жазуучулар союзунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, китепкананын фойесинде Касым Каимовдун уулу — белгилүү сүрөтчү, Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Нурдин Каимовдун атасына арнаган сүрөт көргөзмөсү, ал эми 3-кабаттагы Чыңгыз Айтматов залында эскерүү иш-чарасы өтөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18