USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Балык уулоодо жаңы эреже күчүнө кирди: Эмнелер жаңыланды?

10:05, 03 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда балык уулоо боюнча жаңы эрежелер расмий түрдө күчүнө кирди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, балык уулоого уруксат берүүчү билеттердин мөөнөтү 1, 2 же 3 күн болуп белгиленди.

Ошондой эле айрым жарандарга акысыз балык уулоого уруксат берилет:

  • — майыптыгы бар адамдар;
  • — Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга катышкандар;
  • — 14 жашка чейинки өспүрүмдөр (чоңдордун коштоосунда).

Бирок бардык категория үчүн суткалык кармоо чеги 2,5 килограммдан ашпоого тийиш.

Жаңы эрежелер балык ресурстарын сактоо жана көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18