USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

ӨКМ: Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү мүмкүн

16:15, 02 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын тоолуу райондорунда 3-8-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын табы жогорулашына байланыштуу кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Кыргызгидромет көчкү коркунучу бар аймактардын тизмесин жарыялады:

  • Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдары (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдары (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу),
  • Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдары (Көк-Арт ашуусу),
  • Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-90-чакырымдары (Чоң-Ашуу ашуусу).

Бул күндөрү жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18