USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Чүй облусунда үй сатуу алдамчылыгы боюнча шектүү кармалды

10:26, 02 апреля 2026, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунда үй сатууга байланышкан алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындан эки жыл мурун Сокулук районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал 2022-жылы бир жаран ишенимине кирип, Сокулуктагы үйүн 1,7 миллион сомго сатуу боюнча келишим түзүп, алдын ала 1,6 миллион сом алып, бирок үйдү башка адамдарга сатып жибергенин билдирген. Акчаны кайтарбай, байланышка чыкпай кеткен.

Үй сатуу алдамчылыгы боюнча шектүү кармалды

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголду.

27-мартта ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүү 1962-жылы туулган М.И.ни кармашкан. Ал КРнын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы учурда иликтенүүдө. Тергөө иштери уланууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18