Америкалык абройлуу Sportiсo порталы дүйнө тарыхындагы эң көп акча тапкан спортчулардын рейтингин жарыялады.
Ага ылайык, тизменин сап башында Улуттук баскетбол ассоциациясынын (NBA) алты жолку чемпиону Майкл Джордан турат.
Тарыхтагы эң көп акча тапкан 10 спортчу:
1. Майкл Джордан (инфляцияны эске алганда 4,5 миллиард доллар; 3,28 миллиард доллар түзөтүлбөгөн) — Баскетбол.
2. Тайгер Вудс (2,88 миллиард доллар; 1,97 миллиард доллар) — Гольф.
3. Криштиану Роналду (2,52 миллиард доллар; 2,09 миллиард доллар) — Футбол.
4. Леброн Джеймс (2,03 миллиард доллар; 1,62 миллиард доллар) — Баскетбол.
5. Лионель Месси (1,99 миллиард доллар; 1,62 миллиард доллар) — футбол.
6. Арнольд Палмер (1,85 миллиард доллар; 885 миллион доллар) — гольф.
7. Жек Никлаус (1,83 миллиард доллар; 930 миллион доллар) — гольф.
8. Дэвид Бекхэм (1,68 миллиард доллар; 1,26 миллиард доллар) — футбол.
9. Роджер Федерер (1,67 миллиард доллар; 1,29 миллиард доллар) — теннис.
10. Флойд Мейвезер кичүүсү (1,57 миллиард доллар; 1,16 миллиард доллар) — бокс.