USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстандын футбол боюнча курамалары жолдоштук беттештерди өткөрөт

07:45, 24 марта 2026, Бишкек - 24.kg

24-марттан 31-мартка чейин Түркиянын Анталия шаарында Кыргызстандын Улуттук курамалары окуу-машыгуу жыйынынын алкагында бир катар контролдук жолдоштук беттештерди өткөрүшөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.

Беттештерге төмөнкү курамалар катышат:

  • Кыргыз Республикасынын Улуттук курамасы
  • Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курамасы
  • Кыргызстандын U-20 жаштар курамасы

Окуу-машыгуу жыйындары жана жолдоштук оюндар командалардын, алдыдагы эл аралык мелдештерге жана расмий беттештерге даярдык көрүүдө маанилүү этап болуп саналат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18