USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Эт кластери. Фермерлерге 3 пайыздык үстөк менен жеңилдетилген насыялар берилет

10:10, 09 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Чүй облусунда жана Бишкекте эт кластерин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоорду баштады.

Долбоор малды семиртүүдөн тартып, кайра иштетүү жана сатууга чейинки толук чынжырды камтыйт. Фермерлерге жылдык 3 пайыз менен 60 айга чейин (12 ай жеңилдик мөөнөтү менен) жеңилдетилген насыя берилет.

Жалпы каржылоо — 1,5 млрд сом. Долбоор Айыл Банк жана Элдик Банк аркылуу ишке ашат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18