USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы депутаттардын айлыгын айтты

15:05, 04 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы депутаттардын айлыгын жарыялады. Бул тууралуу Марлен Маматалиев парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутатынын айлыгы 58 432 сомду түзөт.

Ошондой эле 80 миң сомго барабар болгон депутаттын фонду бар. Фонддун каражаттары кызматтык унааны тейлөөгө, айдоочуларга, кеңсе буюмдары, авиабилеттер жана аймактарга барууга жумшалат.

Анын айтымында, бул тууралуу мурда ЖМКларга бир аз бурмаланган, көбөйтүлгөн маалымат таркап кеткен.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18