USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Ош шаарында Мамлекеттик туу күнү белгиленди

12:17, 03 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 3-мартта Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чарала өткөрүлүп, туу көтөрүү аземи болуп өттү.

Салтанатта Мамлекеттик гимн жаңырып, андан кийин туу көтөрүлдү. Иш-чарага облусттун башчысы Аманкан Кенжебаев, шаар мэри Жанар Акаев, легендарлуу парламенттин депутаттары, шаар тургундары жана аскер кызматкерлери катышты.

Калаа башчысы желбиреген кызыл туубуз —эркиндиктин символу, ата-бабаларыбыздын аманаты экендигин белгилеп, анын бийик желбиреп туруусу үчүн экономикабыз кубаттуу, мамлекетибиз күчтүү болушу керектигин айтып, жалпы журтту биримдикке, ынтымакка жана мекенчилдикке үндөдү.

Белгилей кетсек, 2025-жылы борбордук аянттагы 45 метрлик желек сап алынып, анын ордуна 95 метрлик жаңы желек сап орнотулуп, шаар күнүнө карата тууну көтөрүү аземине өлкө башчысы Садыр Жапаров катышкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18