USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

ӨКМ: Суусамырда кар көчкү алдында калган чабандын сөөгү табылды

13:49, 18 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 18-февралда Суусамырда кар көчкү алдында калган 59 жаштагы чабандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар күчөтүлгөн тартипте жүргүзгөн издөө иштеринин натыйжасында маркумдун денеси кар алдынан чыгарылды. Издөө иштерине жалпысынан 70 адам тартылган.

Эске салсак, 12-февралда Чүй облусунун Суусамыр айыл аймагындагы Кызыл-Ой айылынын Бороондуу жайлоосунда 1967-жылы туулган жаран 50 баш кой жана бир аты менен көчкү алдында калып, ошол күндөн тарта издөө иштери тынымсыз жүрүп жаткан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18