USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолуна кар көчкү түштү

13:44, 17 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кар көчкү аталган унаа жолдун 291-чакырымындагы Кара-Үңкүр капчыгайына түшкөн.

Учурда жол бир тараптуу ачык, унаалар кезек менен өткөрүлүүдө.

Кар көчкүнүн так көлөмү аныкталууда. Жеринде № 41 Жол тейлөө ишканасынан техникалар тартылып, тазалоо иштери жүрүп жатат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18