USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Министрлер кабинетинде кадрдык өзгөрүүлөр: Үч министр кызматтан алынды

13:02, 16 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын министрлер кабинетинде кадрдык өзгөрүүлөр болду. Абсаттар Сыргабаев транспорт жана коммуникациялар министри, Медер Машиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри, Бообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду.

Абсаттар Сыргабаев

Транспорт жана коммуникациялар министри Сыргабаев Абсаттар Токтогулович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Медер Машиев

Мындан тышкары Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Машиев Медер Асанович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Бообек Ажикеев

Ал эми Бообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду

Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду. Кадрдык чечимдердин себептери расмий түрдө айтыла элек.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18