USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Президент Камчыбек Ташиевдин коопсуздугун камсыз кылууну тапшырды

15:10, 11 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Жаңы дайындалган Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы Сыргак Бердикожоев жарандардын социалдык тармактарда Камчыбек Ташиевдин коопсуздугуна байланыштуу тынчсыздануулары боюнча үн катты.

 

Анын бул тууралуу кайрылуусун УКМКнын басма сөз кызматы таратты.

Бердикожоев «Социалдык тармактарда Камчыбек Ташиевдин коопсуздугу боюнча жарандар билдирип жаткан тынчсыздануулар тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан эске алынууда. Президент Садыр Жапаров тиешелүү тапшырмаларды берди. Камчыбек Ташиев мурда кайтарууга алынган адам болгон жана анын жеке коопсуздугун камсыз кылуу чаралары мыйзамда белгиленген тартипте мындан ары да улантылат», — деди.

Бүгүн, 11-февралда Сыргак Бердикожоев Президенттин алдындагы Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18