USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кара-Балта шаарына жаңы мэр дайындалды

11:03, 05 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Азат Салмурбек уулу Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Азат Салмурбек уулу

Ал бул кызматка 2025-жылдын 14-октябрында дайындалган. Ал эки жыл бою Токмок шаарынын биринчи вице-мэри болуп иштеген.

Президенттин дагы тескемеси менен Азат Салмурбек уулунун ордуна Исаков Алмазбек Карыпович Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды.

Исаков Алмазбек
Ал милициянын подполковниги жана мурда Талас облустук ички иштер башкармалыгынын Жол коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18