USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

«B5+1» бизнес форуму: АКШ президентинин атайын өкүлү Серджио Гор Бишкеке келди

08:45, 04 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанга иш сапары менен Америка Кошмо Штаттарынын президентинин Түштүк жана Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Серджио Гор келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрилигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушуулар пландалууда.

Мындан тышкары, АКШ президентинин атайын өкүлү Серджио Гор 4—5-февралда Бишкек шаарында өтө турган «Борбордук Азия — АКШ» (B5+1) экономикалык форумуна катышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18