USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкек жана Чүйдү коюу туман каптайт

09:29, 29 января 2026, Бишкек - 24.kg

Гидрометеорологиялык кызматтын маалыматы боюнча, жакынкы үч саат ичинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө туман түшүшү күтүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, аба ырайынын начарлашына байланыштуу жолдордо көрүү мүмкүнчүлүгү 500 метрге чейин төмөндөшү божомолдонууда.

ӨКМ айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү коопсуздук чараларын сактоого, жолдордо кунт коюп көңүл бурууга жана мүмкүн болушунча тумандуу шартта алыс жолго чыкпоого чакырат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18