Азия Кубогу −2026: Бүгүн Кыргызстандын футзал курамасы Индонезия менен беттешет
2026-жылдагы Азия Кубогу Жакарта шаарында уланууда. Бул тууралуу Кыргызстандын футзал ассоциациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын футзал боюнча курамасы бүгүн, саат 18:00дө Индонезия курамасына каршы беттешет. Түз алып берүү УТРК Спорт жана Kyrgyz Sport TV каналдарында жеткиликтүү болот.

Эске салсак, 27-январь күнү өткөн футзал боюнча эл аралык беттеште Кыргызстан улуттук командасы Ирак менен беттешип, 4:2 эсебинде утулуп калган.
Кийинки беттеш 31-январда Түштүк Корея менен болот.