Ошто көчөлөр кеңейтилип, чоң жолдун боюндагы имараттар буздурулат
Түштүк борбордун мэриясы эртең мененки дагы бир текшерүүнү жарыялады. Анын жүрүшүндө Ош көчөсүн төрт тилкелүү чоң жолго кеңейтүү чечими кабыл алынды. Текшерүүгө мэр Жеңишбек Токторбаев жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери катышты.
Мындан тышкары, шаар мэри Ош көчөсүндө жайгашкан «Жетиген» билим берүү мекемесинин аймагындагы коммерциялык объекттин курулушунун мыйзамдуулугун текшерүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.





