USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолдогу кырсыктан бир аял каза болуп, үчөө жабыркады

10:42, 23 января 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 36-чакырымында оор жол кырсыгы болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Hyundai Solaris унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калгандыктан, унаа жолдон чыгып, даракка урунган. Кырсыктан бир аял каза болгон. Дагы эки аял жана бир жашы жете элек кыз жаракат алган. Жабыркагандардын аты-жөндөрү такталууда.

Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө Ысык-Ата райондук № 4 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдын жансыз денесин жана жабыракаган адамдарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Жол кырсыгынын чоо-жайы аныкталууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18