USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Гүлжигит Алыкулов «Динамо-Минск» футбол клубунун оюнчусу болду

14:04, 21 января 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасынын оюнчусу Гүлжигит Алыкулов Беларусь Республикасынын чемпионатынын жогорку лигасындагы «Динамо-Минск» футболдук клубу менен расмий келишим түздү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн сезондо Гүлжигит «Торпедо» клубунун намысын коргоп, өзүнүн чеберчилигин жана мүнөзүн көрсөтө алган.

Гүлжигит Алыкулов
5 жаштагы футболчу мурда «Дордой», «Алга», «Неман», «Кайрат» жана «Торпедо» клубдарында ойноп, улуттук курамада 47 оюн өткөрүп, 6 гол киргизген.

«Биз улуттук курамабыздын оюнчусу менен сыймыктанабыз жана жаңы клубунда чоң ийгиликтерди каалайбыз», -деп айтылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18