USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкекте техникалык тейлөө борборунан чыккан өрт толук өчүрүлдү

09:48, 20 января 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Балбан-Таймаш конушунда бүгүн, 20-январда техникалык тейлөө борборунан чыккан өрт саат 09:17де толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 күжүрмөн эсеп, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ жана штаб тартылган.

Алдын ала малымат боюнча, өрттүн аянты болжол менен 250 чарчы метрди түздү. Кырсыктан жабыркагандар катталган жок.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18