USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкекте жатаканадагы өрттөн чет элдик жаран каза болуп, 38 адам эвакуацияланды

12:07, 16 января 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкектин Свердлов районунда жайгашкан үч кабаттуу жатаканада өрт чыкты. Өрт саат 10:20га чейин толугу менен өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, өрттү өчүрүүгө 1 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Өрт болгон жерден 2004-жылы туулган чет өлкөлүк жарандын сөөгү табылган. Тилсиз жоодон жалпы 38 адам эвакуацияланды.

Өрттүн аянты болжол менен 20 чарчы метрди түздү. Өрттүн себеби аныкталууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18