USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкек — Ош жолунда мазут ташыган унаа оодарылып кетти

15:05, 14 января 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн саат 09:50лөр чамасында Бишкек — Ош жолунда мазут ташыган бензовоз оодарылып кетти. Бул тууралуу «Кыргызавтожол-Түштүк» ишканасынан билдиришти.

Бензовоз жолдун 428-чакырымында рулдук рейкасы үзүлүп кетип, унаа жолго аңтарылып кеткен. Окуянын кесепетинен жабыркагандар жок.

Жолду тазалоо жана коопсуздукту камсыз кылуу иштери «Кыргызавтожол-Түштүк» мамлекеттик ишканасына караштуу № 38 жол тейлөө мекемеси тарабынан ыкчам жүргүзүлүүдө. Учурда унаа кыймылы бир тараптуу ачык.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18