USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

«Манас» аэропорту коюу тумандан улам бир нече каттамдарды токтотту

10:40, 22 декабря 2025, Бишкек - 24.kg

«Манас» эл аралык аэропорту коюу тумандан улам кайрадан каттамдарды токтотту. «Кыргыстандын эл аралык аэропорттору» ААК бул маалыматты 24.kg агенттигине тастыктады.

Маалыматка ылайык, 11 каттам кечиктирилип, дагы төрт каттам жокко чыгарылды.

«Көрүнүү болжол менен 400 метрди түзөт, ал эми кеминде 800 метр талап кылынат», — деп билдирди аэропорттон.

Белгилей кетсек, акыркы күндөрү коюу туман жана көрүнүүнүн начардыгынан улам аэропорттун ишине байланыштуу көйгөйлөр жаралды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18