USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Сузакта 11 млн сомдук социалдык объект мамлекетке кайтарылды

17:00, 05 декабря 2025, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад областынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Сузак районуна караштуу Жийде айылында орун алган мурдагы профилакторияга тиешелүү болгон 1 140 чарчы метр жер тилкеси жана имараты менен бирге мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында базар баасы 11,1 млн сомду түзгөн объект мамлекеттик менчикке кайтарылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18