USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бакыт Кадыров дүйнөлүк жиу-житсу чемпионатында алтын медаль утту

09:30, 04 декабря 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык спортчу Бакыт Кадыров Испаниянын Мадрид шаарында өткөн жиу-житсу боюнча дүйнөлүк чемпионатта алтын медалга ээ болду.

Бакыт Кадыров Дүйнөлүк комбат джиу-джитсу чемпионатында алтын медаль утту

Ал CJJ мелдешинде 85 килограмм салмактагылар арасында чейрек финалдан баштап, биринчи орунду ээледи.

Кыргызстандык спортчу биринчи беттешинде латвиялык Алексей Зайцевди 10:0 эсебинде жеңип, жарым финалда испаниялык Хосе Фернандести жеңди.

Финалда Бакыт Кадыров бельгиялык атаандашы Мишель Мерси менен беттешип, ишенимдүү түрдө 10:0 эсебинде жеңишке жетти.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18