U-17: Кыргызстан футбол боюнча улуттук курама командасы Камбоджаны жеңди
08:46, 01 декабря 2025, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Азия Кубогунун (U-17) тандоо турунда Камбоджаны жеңди. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги социалдык медиада билдирди.
Оюн 3:0 эсебинде аяктады.
Голдорду Ариет Абилов, Баэл Мирланов жана Мустафа Абдыраев киргизди.