Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы (U-17) Португалияны жеңди
08:18, 19 ноября 2025, Бишкек - 24.kg
Кыргыстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Испаниянын Лас-Розас-де-Мадрид шаарында Португалия менен жолдоштук беттеш өткөрдү. Бул тууралуу спорт ассоциациясы билдирди.
Ассоциациянын маалыматы боюнча, беттеш 5-4 эсебинде биздин команданын пайдасына аяктады.
Голдорду Кангелди Кошонов, Нурдөөлөт Эгенбергенов, Нурдин Мендибаев, Артур Маматов жана Нурдин Мендибаев киргизишти.