USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ислам тилектештик оюндары. Балбан Акжол Махмудов жарым финалга чыкты

17:10, 18 ноября 2025, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов Сауд Арабиясында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарынын жарым финалына чыкты. Бул тууралуу мелдештин сайтында кабарланды.

Мекендешибиз грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмактагылар арасында күч сынашууда.

Ал 1/8 финалдан баштап, Тунис өкүлүн мөөнөтүнөн мурда жеңди.

Чейрек финалдык беттеште Акжол Махмудов египеттик балбан менен беттешип, 9:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.

Азырынча анын атаандашы аныктала элек.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18