Самбо боюнча дүйнө чемпионаты. Кыргызстандык Даниел Асеков алтын медаль утту
Бишкектеги самбо боюнча дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандык Даниел Асеков алтын медалды жеңип алды. Бул тууралуу Эл аралык самбо федерациясынын сайтында кабарланды.
Федерациянын маалыматы боюнча, ал 58 килограммга чейинки (күжүрмөн самбо) салмактагылардын финалында түркмөнстандык Хакберди Жумаевди жеңип алды.
Дагы бир кыргызстандык Элхан Орозалиев 79 килограмм салмактагылар арасында финалда украиналык Владислав Рудневге утулуп, күмүш байгелүү болду.