USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

«Рулда» рейди. Бир түндө 37 мас айдоочу кармалды

09:45, 06 ноября 2025, Бишкек - 24.kg

Бишкекте «Рулда» рейди учурунда бир түндө 1 168 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • мас абалда унаа башкарган 37 айдоочу;
  • тиешелүү документи жок унаа башкарган 40 айдоочу;
  • ар кандай жол эрежелерин бузуулар үчүн 368 унаа айып короого токтотулган.

Белгиленгендей, профилактикалык рейд күн сайын өткөрүлүп, жол кырсыктарынын алдын алуу жана коомдук тартипти камсыздоо максатын көздөйт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18