Ала-Арча суу сактагычында таштандыларды чыгаруу иштери аяктады
Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматы боюнча, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Айлана-чөйрөнү коргоо жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Аламүдүн райондук аймактык башкармалыгынын инспекторлору Ала-Арча суу сактагычын тазалашты.
Ага ылайык, бул акция интернетте жарыяланган маалыматтан улам башталган.

Тазалоо иштери Биринчи май райондук администрациясы тарабынан уюштурулган тазалоо күнүнүн алкагында жүргүзүлдү.