USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Майлуу-Суудагы бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды

14:21, 21 октября 2025, Бишкек - 24.kg

Майлуу-Сууда 20 миллион сомго бааланган бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылганын Башкы прокуратура билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, Майлуу-Суу шаардык көзөмөл органы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө аталган бала бакча Көк-Ой айылында жайгашкан 0,47 гектар жер тилкеси менен бирге мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатылып кеткени аныкталган.

Прокурордун аракетинин натыйжасында базар баасы 20 млн 215 миң сомду түзгөн бала бакча жана анын жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18