USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ошто аймактык башкармалыктарынын башчылары жаңы кызматтык унааларга ээ болушту

12:06, 20 октября 2025, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктардын башчылары жаңы кызматтык унааларга ээ болушту. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ачкычтарды мэр Жеңишбек Токторбаев тапшырып, жетекчилерге мындан ары да жигердүү иштөө зарылдыгын белгиледи.

Бул унаалар мэриянын бюджетинин эсебинен алынды.

Эскерте кетсек, Ош шаарында жалпы 6 муниципалдык аймактык башкармалык, 3 айылдык аймактык башкармалык бар.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18