USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Боом капчыгайында кооптуу таштар түшүрүлөт. 20-31-октябрда унаа кыймылы чектелет

17:23, 17 октября 2025, Бишкек - 24.kg

20-октябрдан 31-октябрга чейин Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 131-132-чакырымында, Боом капчыгайынын аймагында кооптуу таштар түшүрүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан маалымдашты.

Ага ылайык, таш түшүрүү иштери саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жол инспекторлору тарабынан жол убактылуу жарым-жартылай жабылат. Унаалар үчүн бир тилке ачык болот.

Ишкана жүргүнчүлөрдү жана айдоочуларды ишти түшүнүү менен кабыл алып, сапарларын алдын ала пландаштырууга чакырат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18