USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкектеги Аламүдүн базарында жаңы роторук унаа токтотуучу жай ачылды

16:05, 17 октября 2025, Бишкек - 24.kg

Борбор калаада Аламүдүн базарында жайгашкан экинчи ротордук унаа токтотуучу жай ачылды.

Мэриядан билдиришкендей, бул токтотмо унаа токтоочу жерлерди үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Заманбап жабдуу 10 унаага эсептелген. Төлөм QR-код аркылуу кабыл алынат. Төлөм жүргүзгөндөн кийин айдоочу чекти операторго көрсөтүп, токтотмодон чыга алат.

Жаңы ротордук токтотмонун ишке кириши Бишкектин борбордук аймактарындагы унаа токтоочу жайлардын жетишсиздиги маселесин чечүүгө багытталган кадамдардын бири болуп саналат.

Буга чейин Бишкекте биринчи жолу Орто-Сай базарында ротордук унаа токтотуучу жай орнотулган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18