USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандын Чикаго шаарындагы консулу Болотбек Борбиев кызматтан бошотулду

12:09, 16 октября 2025, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров Болотбек Борбиевди Кыргызстандын АКШнын Чикаго шаарындагы башкы консулу кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Болотбек Борбиев

Болотбек Борбиев белгилүү ырчы Бек Борбиевдин бир тууган агасы. Ал 2022-жылдын апрель айында башкы консул болуп дайындалган. Алдын ала маалыматка караганда, ал 2025-жылы өтүүчү парламенттик шайлоого Токтогул шайлоо округунан катышууну караштырып жатат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18