USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Евробиримдик Кыргызстанга суу тармагын өнүктүрүүгө 17 млн евро грант берет

13:55, 13 октября 2025, Бишкек - 24.kg

Евробиримдик Кыргызстанга суу ресурстарын башкаруу тутумун реформалоо жана инфраструктураны жакшыртуу үчүн 17 миллион евро гранттык жардам бере турганын Каржы министрлиги билдирди.

Келишимге 10-октябрда Брюсселде Global Gateway форумунда кол коюлган.

Каржы министрлиги грант суу ресурстарын башкаруу системасын реформалоого, инфраструктуранын натыйжалуулугун жогорулатууга жана сууну туруктуу пайдаланууга көмөктөшүүгө багытталганын белгиледи.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18