USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Таласта бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

10:37, 03 октября 2025, Бишкек - 24.kg

Таласта бала бакча жер тилкеси менен муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Манас районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Семетей айылында жайгашкан эски № 5 бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү болгон 0,35 га жер тилкеси 1993-1994-жылдары мыйзам талаптарын бузуу жолу менен жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталды.

Жыйынтыгында наркы 5,8 млн сомду түзгөн бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18